• Башкы бет
  • Ошто алгачкы ирет кош бойлуу келин эмделди
10:57, 2021-ж., 27-ноябрь

Ошто алгачкы ирет кош бойлуу келин эмделди

Ошто алгачкы ирет кош бойлуу келин эмделди

Ош шаарында коронавирус илдетине каршы кош бойлуу 1 аял жана 5 өспүрүм бала эмдөөдөн өттү. Бул тууралуу Ош шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун директорунун орун басары Жанара Токсонбаева билдирди.

Анын айтымында, 20-ноябрда 30 жаштагы кош бойлуу келинге вакцинанын биринчи дозасы сайылды.

«Бүгүнкү күндө биз Саламаттыкты сактоо министрлигинин жаңы буйругунун негизинде иш алып баруудабыз. 15-ноябрда буйрукту жаңылап, толуктоолорду киргизишкен. Анда кош бойлуу аялдар, бала эмизген энелер жана 16-17 жаштагы жаш балдарды эмдөө көрсөтмөгө кирген. Бүгүнкү күндө бир кош бойлуу аял коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. Эмдөөдөн өткөн аялда эч кандай кыйыр таасирлер катталган жок. 16 жаштан 17 жашка чейинки балдар арасында 5 бала эмделди. COVID-19 илдетин жеңүү үчүн калктын калың катмары эмдөөдөн өтүш керек. Бүгүнкү күндө кош бойлуу, бала эмизген энелерге жана 16-17 жаштагы балдарга "Pfizer" вакцинасын гана алууга уруксат берилди», - деди Жанара Токсонбаева.

Ош шаардык үй-бүлөлүк медицина борборунун маалыматына караганда, COVID-19 илдетине каршы эмдөөгө өзгөртүү, толуктоолорду киргизген күндөн баштап ушул күнгөн чейин Кыргызстан боюнча 5 кош бойлуу аял коронавируска каршы эмдөөдөн өттү. 16-17 жаштагы балдар арасында 161 өспүрүм вакцина алып, бала эмизген 43 эне эмделген.

  • Бүгүнкү күндө Ош шаарындагы жашоочулардын 59 пайызы коронавируска каршы эмдөөдөн өттү.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...