• Башкы бет
  • Билим берүү министрлиги менен ЮНИСЕФ балдарды өнүктүрүү боюнча онлайн платформа жана мобилдик тиркеме иштеп чыкты
10:52, 2021-ж., 27-ноябрь

Билим берүү министрлиги менен ЮНИСЕФ балдарды өнүктүрүү боюнча онлайн платформа жана мобилдик тиркеме иштеп чыкты

Билим берүү министрлиги менен ЮНИСЕФ балдарды өнүктүрүү боюнча онлайн платформа жана мобилдик тиркеме иштеп чыкты

Билим берүү жана илим министрлиги менен ЮНИСЕФ балдардын окуусуна жана өнүгүүсүнө колдоо көрсөтүү максатында эки жаңы санариптик демилгени баштап жатат.

«Окуу паспорту« жана балдарды тарбиялоо боюнча Bebbo мобилдик тиркемеси ЮНИСЕФтин Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча регионалдык директору Афшан Хан менен Кыргызстандын билим берүү жана илим министри Болотбек Купешевдин катышуусунда презентацияланды.

2021-жылдын 23-ноябрында Кыргызстандын билим берүү жана илим министринин орун басары Надира Жусупбекова менен ЮНИСЕФтин Европа жана Борбор Азия өлкөлөрү боюнча регионалдык директору Афшан Хан кенже курактагы балдарды тарбиялоо боюнча Bebbo регионалдык мобилдик тиркемесин жана «Окуу паспорту» аттуу билим берүүчү онлайн платформаны сунушташты.

«Окуу паспортун» жакында эле Time журналы 2021-жылдын 100 мыкты ойлоп табууларынын бири деп атаган.

Балдарды өнүктүрүү маселесине арналган ата-энелер үчүн Bebbo мобилдик тиркемеси алгач Европа менен Борбор Азиянын 11 өлкөсүндө киргизилет. Тиркеме ата-энелерге балдардын ден соолугуна жана өнүгүүсүнө байланышкан маселелердин кеңири өңүттөрү боюнча, анын ичинде тамактануу, баланы эмизүү, эрте куракта окутуу, оюндун баалуулугу, жоопкерчиликтүү ата-эне, балдарды коргоо жана коопсуздук маселелери боюнча эксперттик кеңештерди берет.

Кыргыз жана орус тилдеринде жеткиликтүү болгон бул мобилдик тиркеме Кыргызстандагы ата-энелерге балдарды тарбиялоо жана билим берүү боюнча ишенимдүү билимдерге жана тажрыйбаларга жетүү мүмкүнчүлүгүн берет, ошондой эле ата-энелерге жана бала баккандарга баланын бакубатчылыгына кантип кам көрсө болоору тууралуу конкреттүү кеңештерди камтыйт.

Bebbo ошондой эле ата-энеге балдарынын алгачкы жылдарындагы эмдөөлөрдү, медициналык текшерүүлөрдү жана өнүгүүсүндөгү башка маанилүү баскычтарды көзөмөлдөөгө мүмкүндүк берген өзгөчөлүктөргө ээ. Тиркеме 0-6 жашка чейинки курактагы наристелердин ата-энелери үчүн ылайыктуу болот.

Окуу паспорту — бул ЮНИСЕФ тарабынан берилген жана Microsoft корпорациясы тарабынан колдоого алынган глобалдык билим берүү платформасы. Анын жардамы менен окуучулар Интернетке кошулбастан эле мобилдик тиркеменин же браузердин негизинде сабактарды ача алышат. Кыргызстанда ЮНИСЕФ билим берүү жаатындагы эксперттер менен тыгыз кызматташып, окуу паспортун мугалимдердин жана 3-6 жаштагы балдардын ата-энелеринин муктаждыктарын жана артыкчылыктарын эсепке алуу менен ылайыкташтырып чыкты.

Кыргызстанда окуу паспорту «Билимдүү муун» деген аталыш менен таанылып, жогорку класстын окуучуларына да жетиш үчүн платформаны колдонууну акырындык менен кеңейтүү пландалууда.

Ата-энелер үчүн окуу паспортун жана мобилдик тиркемени иштеп чыгып, ыңгайлаштыруу Кыргызстандын 2021-2040-жылдарга билим берүүсүн өнүктүрүүнүн Улуттук стратегиясынын жана 2021-2023-жылдарга Билим берүүнү өнүктүрүү программасын ишке ашыруу боюнча иш-чаралар планынын артыкчылыктуу багыттарына шайкеш келет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...