• Башкы бет
  • Зеленский "мамлекеттик төңкөрүш боюнча" аудио жазуу бар экенин билдирди
10:43, 2021-ж., 27-ноябрь

Зеленский "мамлекеттик төңкөрүш боюнча" аудио жазуу бар экенин билдирди

Зеленский "мамлекеттик төңкөрүш боюнча" аудио жазуу бар экенин билдирди

Украинанын президенти Владимир Зеленский Орусиянын өкүлдөрү менен украиналык ишкер Ринат Ахметовго караштуу адамдар мамлекеттик төңкөрүш уюштурууну талкуулаган аудио жазуу бар экенин билдирди. Бул тууралуу Зеленский маалымат жыйынында айтты.

Зеленский аудио жазууну Ахметовду чалып жыгуу аракети деп эсептеп, анда ишкердин өзүнүн үнү жок экенин белгилейт.

"Мен 1-2-декабрда өлкөбүздө мамлекеттик төңкөрүш болот деген маалымат алдым. Биздин колубузда ыкчам чалгын маалыматтары гана эмес, Украина менен Орусиянын кайсыл бир өкүлдөрү Ринат Ахметовдун мамлекеттик төңкөрүшкө катышуусун талкуулап жатканы тууралуу аудио жазуу бар. Бул чалма, ишкерди Украинага каршы согушка аралаштыргысы келип жатышат. Элге каршы, эл шайлаган президентке, жана Украинага каршы согушуу жарабайт. Мен Ахметовду президенттик аппаратка чакырам. Аудио жазууну угууга болот", - деп билдирди президент Владимир Зеленский.

Ал ишкер Ахметов Украинага каршы чындап эле төңкөрүш даярдап жатканына ишенбей турганын айтты. Ошол эле маалда президент журналисттердин ыктымал төңкөрүштүн чоо-жайы боюнча суроолоруна жооп берүүдөн баш тартып, бул сүйлөшүүгө катышкандардын ысымдарын атаган жок.

Зеленский аны бийликтен кулатуу аракеттеринен коркпой турганын айтып, 2014-жылдагы массалык нааразылык акцияларынан кийин өлкөдөн качып кеткен Украинанын мурдагы президентин эстеп, “Мен Янукович эмесмин” деп билдирди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...