• Башкы бет
  • Бийликтикимдер басып алууга аракет кылганы белгилүү болду
10:37, 2021-ж., 27-ноябрь

Бийликтикимдер басып алууга аракет кылганы белгилүү болду

Бийликтикимдер басып алууга аракет кылганы белгилүү болду

Кечээ, 26-ноябрда БШКнын жыйынында УКМКнын тергөөчүсү Дамир Суваналиев «Кыргызстандын жашылдар партиясынын» Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган 3 талапкерин жазык жоопкерчилигине тартууга уруксат сурады.

Суваналиевдин айтымында, Суеркулов Нурис Жумабаевич, Акматбеков Руслан Автандилович жана Купешев Бекназар Эсенгуловичтин үстүнөн Жазык кодексинин 38-309-беренеси (Бийликти күч менен басып алууга даярдануу) менен сотко чейинки өндүрүш иши жүргүзүлүп жатат.

Тергөөчү аталган жарандар учурда кармалбаганын кошумчалады.

БШКнын мүчөлөрү талкуудан кийин тергөөчүнүн суранычын канааттандырышты.

Бүгүн, 26-ноябрда УКМК бийликти күч менен басып алууну пландап жаткан кылмыштуу топтун ишине бөгөт коюлганын билдирген.

«Курамында Жогорку Кеңештин депутаттары жана мурдагы жогорку кызмат адамдары бар саясий күчтөр жетектеген топтун кылмыштуу ишмердүүлүгү жөнүндө далилдер алынды.

Тергөөчүлөрдүн маалыматына караганда, парламенттик шайлоонун жыйынтыгы жарыялангандан кийин адамдардын тобу бир катар саясатчылардын колдоосуна таянып (анын ичинде шайлоодо жеңилгендер да болмок), Бишкек шаарында массалык нааразычылык акцияларын уюштурмак. Андан соң митингчилер менен күч органдарынын кызматкерлеринин ортосунда кагылышуу уюштуруу үчүн провокация жасап, бийликти басып алышмак.

Ал үчүн адамдардын тобу агрессивдүү маанайдагы 1 миңдей жигит топтогон. Алар баш аламандык уюштурушмак.

Учурда кылмыштуу топтун 15тен ашуун мүчөсү кармалды», - деп айтылат маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...