• Башкы бет
  • Алайда 225 орундуу мектептин имараты пайдаланууга берилди
10:03, 2021-ж., 26-ноябрь

Алайда 225 орундуу мектептин имараты пайдаланууга берилди

Алайда 225 орундуу мектептин имараты пайдаланууга берилди

Ош облусунун Алай районуна караштуу Жаңы-Алай айылындагы 225 орундуу С.Ашимов атындагы орто мектебинин жаңы имараты пайдалууга берилди. Аталган обьектин курулушу 2015-жылы башталган. Эки кабаттуу жаңы имаратта окуу корпусу, спорт зал, ашкана жана жыйындар залы бар.

Курулуштун сметалык баасы 45 миллион сомду түзүп, республикалык бюджеттен каржыланган. С.Ашимов атындагы орто мектебинин жаңы имаратынын ачылыш аземине КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Зиядин Жамалдинов катышып, мектеп жамаатын жана окуучуларды куттуктады.

С.Ашимов орто мектеби жаңы имаратуу болушу менен мектеп жамаатын жана окуучуларды куттуктайм. Буйруса бул жердеги окуучулардын билим алуусу үчүн жакшы шарт түзүлдү. Заманбап окуу кааналар, спорт зал, ашкана жана жыйындар залы да бар экен. Буйруса бул мектептен татыктуу билим алган окуучулар жана келечекте Кыргызстандын өнүгүүсүнө салым кошкон мыкты инсандар чыгат деп ишенем”,-деди Зиядин Жамалдинов

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...