Жалал-Абадда 4 сомдон көмүр сатыла баштады

Кечээ, 25-ноябрда Жалал-Абад шаарынын Курманбек жана Түгөлбай Байзаков көчөлөрүнүн кесилишиндеги муниципалдык курулуш базарынын короосуна 22,5 тонна көмүр келип түштү. Шаар мэри Эрнисбек Ормоков көмүр жеке ишкерлер менен сүйлөшүү аркылуу Таш-Көмүр шаарынан алып келингенин, базар баасынан 3 сомго чейин арзан экенин билдирди. Ошондой эле, көмүрдүн сапатын, элдин суроо-талабын билүү үчүн алгач азыраак көлөмдө буюртма берилгенин кошумчалады.
Көмүр шаар тургундарына гана жеткиликтүү жана ар бир кардарга 1 тоннадан ашык көмүр сатылбайт. Ормоков муну көмүрдүн баарына бирдей жеткиликтүү болуусун камсыздоо жана ортомчулар дүңүнөн алып, кайра элге кымбат баада сатуусунун алдын алуу максатында көрүлгөн чара экенин белгиледи.
Арзан көмүр суроо-талапка жараша Таш-Көмүрдөн үзгүлтүксүз ташылып турат. Учурда Жалал-Абад шаарында жеке ишкерлер тарабынан бир тонна көмүр 6-7 сомдон сатылууда.
Белгилей кетсек, Жалал-Абад шаарына жыл сайын 10 миң тоннага чейин көмүр керектелет. Бүгүнкү күндө анын 80 пайызы камсыздалган. Ал эми социалдык мекемелер 100 пайыз көмүр менен камсыз болгон.
Комментарийлер