14:08
-ж., 29-февраль
Өзбекстанда эркек киши кайын атасынын үйүндө аялы менен уруша кетип, анын мурдун тиштеп алган. «Qalampir» басылмасынын айтымында, ал 3 жыл 1 айга эркинен ажыратылды.
Окуя Анжиян облусунун Булакбашы районунда болгон.
Маалыматка ылайык, кол салган адам окуя болгон жерден качып кеткен. Соттук-медициналык экспертизанын жана дарыгерлердин айтымында, жабырлануучуга мурдун калыбына келтирүү үчүн операция талап кылынат.
Комментарийлер