• Башкы бет
  • Ошто "Ыйман Нуру" партиясынын үгүтчүсү кармалды
09:55, 2021-ж., 26-ноябрь

Ошто "Ыйман Нуру" партиясынын үгүтчүсү кармалды

Ошто "Ыйман Нуру" партиясынын үгүтчүсү кармалды

Ош шаарында шайлоочуларды сатып алуу фактысы боюнча кылмыш иши козголуп,  шектүүлөр кармалды. Бул тууралуу ИИМдин басма сөз кызматы билдирди.

Министрликтин маалыматы боюнча, Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын кызматкерлери тарабынан жүргүзүлгөн иш-чаралардын натыйжасында Ош шаарынын аймагында Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоо боюнча үгүт иштерине байланыштуу шайлоого катышып жаткан айрым партиялардын өкүлдөрү же расмий эмес өкүлдөрү тарабынан шайлоочулардын добуштарын сатып алуу жөнүндө ыкчам билдирүү аныкталган.

«Бул окуя боюнча тийиштүү материалдар Жазык кодексинин 192-беренеси (шайлоочунун добушун сатып алуу) менен Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Кечээ, 24-ноябрда Ош шаарынын аймагында "Ыйман Нуру" саясий партиясына добуш берүүлөрү үчүн ар бир шайлоочуну сатып алуу максатында акча каражаттары таратылгандыгы аныкталды. Өзүн "Ыйман Нуру" саясий партиясынын үгүттөөчүсүмүн деп тааныштырган Ош шаарынын 39 жаштагы тургуну М.И. (аял киши) аталган окуя боюнча суралды. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө "Ыйман Нуру" саясий партиясында келишимдин негизинде үгүттөөчү болуп иштеп жаткандыгын жана 2021-жылдын 22-ноябрында Алмагүл аттуу штаб башчысынан шайлоочуларды сатып алуу максатында 40 миң сом алгандыгын айтты. Ал 24-ноябрда аталган акчаны Ош шаарынын Латипжанов көчөсүндө шайлоочуларга таратып берип жаткан жеринде милиция кызматкерлери тарабынан кармалып калгандыгын тастыктап берди.

Ошондой эле далил зат катарында М.И. башкарып жүргөн "ДЭУ Матиз" үлгүсүндөгү унааны кароо учурунда 20 даана 500 сомдук купюра, 1 даана 50 сомдук жана 1 даана 20 сомдук купюрадагы акча каражаттары, "Ыйман Нуру" саясий партиясына таандык 4 даана үгүт баракчасы табылды. М.И. менен бирге өздөрүн "Ыйман Нуру" саясий партиясынын үгүттөөчүлөрү деп тааныштырган Т.Д. жана У.Н. кармалды. Алар өз көрсөтмөсүндө Алмагүл аттуу штаб башчысынан үгүттөөчү катары айлык маянасы үчүн 10 000 сом жана шайлоочунун добушун сатып алуу максатында акча каражаттарын алгандыгын, ал акча каражаттарын Латипжанов көчөсүнүн тургуну Т.Л. аттуу шайлоочуга добуш берүү үчүн беришкендигин билдиришкен», - деп айтылат маалыматта.

Ошондой эле сотко чейинки өндүрүш иштин алкагында М.И., Н.У. жашаган батирлер жана Ош шаарына караштуу Туран кичи шаарчасынын Автозоводская көчөсүндө жайгашкан «Ыйман Нуру» партиясына таандык штабга тинтүү жүргүзүлүп, баракчалар, дептерлер жана акчалар алынды.

«Штабдын жетекчиси делген Алмагүл аттуу жарандын өздүгү аныкталды. Ал — 49 жаштагы А.А. Өзүнүн көрсөтмөсүндө "Ыйман Нуру" саясий партиясынан депутаттыкка талапкердин үгүт иштерине жардам берип, штаб ачып, ошол жерде жүргөндүгүн, ар бир шайлоочунун добушуна 1000 сомдон деп жогоруда кармалган эки жаранга берилгендигин билдирди.

Алгачкы жүргүзүлгөн тергөө иштеринин натыйжасында 1982-жылы туулган М.И., 1980-жылы туулганТ.Д.га Жазык кодексинин 192-беренесинин 2-бөлүмүндө көрсөтүлгөн кылмыштын курамы менен шектенүү жөнүндө кабарлама берилип, экөө тең Ош ШИИБдин убактылуу кармоочу жайына киргизилди», - деп айтылат ИИМдин билдирүүсүндө.

Учурда тергөө иштери жүрүп жатат.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...