Кара-Сууда депутаттыкка талапкерлердин бирөөсүнүн үгүтчүсү кармалды

Кара-Суу районунда бир топ жарандардын катышуусунда болгон окуя текшерилүүдө. Бул тууралуу Ош облустук ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка караганда, бүгүн, 25-ноябрда Ош ОИИБге Кара-Суу районунун Нариман айылынын 29 жаштагы тургуну М.Б арыз менен кайрылган. Анда 24-ноябрь күнү саат 23:00 чамасында Кара-Суу районунун Шарк айыл аймагынын Бабалашкар айылында достору менен турган кезде аларга «Тойота-Камри» үлгүсүндөгү автоунаа келип токтоп, жакын жердеги үйгѳ кирип баратканда, «Эмне шайлоого акча таркатып жүрѳсүңѳрбү?» деп сураганда, «Таркатса эмне кылат элең?» деп үйгѳ кирип кеткен.
М.Б.нын айтымында, алар анын артынан барышып, бул жигит үйдө бир аял менен сүйлөшүп, колуна бир нече кагаз кармап турганын көрүшкөн. «Кармагыла!» деген кыйкырыктар угулганда, жигит сыртка чыгып, үйдүн артын аралай чуркап өткөн. Мындан тышкары, жигитти кармоо аракетинде акча салынган баштыкты үйдүн короосуна ыргытып жиберген. Айыл тургундары үйгө кирип, сумка таап алышып, кийин милиция кызматкерлерине өткөрүп беришкен.
Бул факты Ош ОИИБдин маалыматтарды каттоо журналына катталып, текшерүү иштерин аймактык караштуулугу боюнча Кара-Суу РИИБи жүргүзүүдѳ. Окуя болгон жерге Кара-Суу РИИБдин жетекчилиги жана документтештирүү тергөө тобу барып, текшерүү иштери башталган.
Текшерүү учурунда, качып кеткен жаран Ош шаарынын Петрова көчөсүнүн тургуну 21 жаштагы А.Т экендиги белгилүү болгон. Ал өзүнүн көрсөтмөсүндө көптөн бери автоунаа алып сатып иштеп жүргөнүн, 2021-жылдын 24-ноябрь күнү Кара-Суу районунун Шарк айылындагы өзүнө тааныш болгон Н. аттуу аялдын үйүнө барганын, себеби Наима аттуу аял жакшы автоунаа болсо алып бер деп айтып жүргөнүн, кийин ал жерге барып үйүнө кирген учурда артынан бир топ балдар кирип келишип, “карма-карма” деп кыйкырышып чуркашканда жанында 259 000 (эки жүз элүү тогуз мин) сом акча каражаты болгондуктан тоногону келген окшойт деп качып кеткенин, качып бара жатып колундагы акчаны ыргытып жибергенин, бирок алар кубалап келип кармап алышып, автоунаага салып алып Ош ОИИБна алып барышканын билдирген.
Ал эми 2021-жылдын 25-ноябрында Кыргыз Республикасынын ЖКнин 192-беренесинин негизинде Кара-Суу РИИБдин КЖБРне катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган.
Ош облустук ички иштер башкармалыгы билдиргендей, иликтөө иштеринин жүрүшүндө 21 жаштагы А.Тнын келген үйү Шарк айыл аймагынын Бабалашкар айылынын 44 жаштагы А.Н аттуу тургунуна таандык экени аныкталган. Кошумчалай кетсек, милиция бул үйдө «Ата Журт Кыргызстан» саясий партиясынан Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин штабы уюштурулганын аныктаган.
Ал эми арыздануучу Кара-Суу районунун Нариман айыл аймагынын тургуну 29 жаштагы М.Б. жана аны менен чоогу барган балдар «Альянс» саясий партиясынын талапкерлери экендиги белгилүү болгон.
Учурда тергѳѳ иштери уланууда.
Комментарийлер