• Башкы бет
  • Оштук спортчу эл аралык мелдештен байгелүү кайтты
10:40, 2021-ж., 25-ноябрь

Оштук спортчу эл аралык мелдештен байгелүү кайтты

Оштук спортчу эл аралык мелдештен байгелүү кайтты

Кечээ, 24-ноябрда «Ош» эл аралык аэропортунда спортчу Төрөкан Багынбай уулун дене тарбия жана спорт комитетинин кызматкерлери менен жакындары тосуп алды.

Ал Сербиянын Белград шаарында өткөн грэпплинг (кимоно менен) боюнча мелдеште 2-орунду алды. Спортчу 77 килограммга чейинки салмактагылар арасында күч сынады. Мелдеш 27-октябрда башталып, 1-ноябрда жыйынтыкталган.

«Турнирде 4 өлкөнүн спортчулары менен күрөштүм. Катары менен 3 мелдеш өткөрүп, жеңип, финалга чыктым. Чечүүчү кармашта атаандашым испаниялык балбан болду. Катуу кармаштык. Жыйынтыгында Испаниядан келген балбандан жеңилүү ызаасын тартып, күмүш медалга ээ болдум. Жеңишимди кыргыз элине арнайм. Кийинки беттештерге жакшы даярданам», - деди спортчу.

Төрөкан Багынбай уулу 1/8 финалда россиялык Гаджи Хархаров менен беттешип, 3:3 эсебинде жеңишке жетти. 1/4 финалда армениялык Хачатур Тамарянды 7:2 эсебинде жеңсе, 1/2 финалда казакстандык Адлан Мадаевди 4:2 эсебинде утту. Ал эми финалдык беттеште испаниялык Фернандо Николас Медина Вернерден 2:3 эсебинде жеңилди.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...