• Башкы бет
  • Ошто үгүт маалында 21 жолу шайлоо мыйзамдары бузулган
10:37, 2021-ж., 25-ноябрь

Ошто үгүт маалында 21 жолу шайлоо мыйзамдары бузулган

Ошто үгүт маалында 21 жолу шайлоо мыйзамдары бузулган

Ош шаардык ички иштер башкармалыгына шайлоого карата үгүт учурунда шайлоо мыйзамдары бузулгандыгы жөнүндө 21 маалымат келип түшкөн. Бул тууралуу башкармалыктын басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, 21 билдирүүнүн ичинен 3 арыз боюнча тергөө иштери аяктап, соттук кароого жөнөтүлдү.

«Шайлоого үгүт иштери башталгандан бери Ош ШИИБге мыйзам бузуулар боюнча 21 маалымат түшкөн. Учурда 3 маалымат боюнча сотко чейинки өндүрүш уланууда. 3 маалымат боюнча тергөө иштери аяктап, соттук кароого жөнөтүлдү. 7 маалымат боюнча тиешелүү материалдар топтолуп, кароо жана чечим кабыл алуу үчүн аймактык шайлоо комиссиясына жөнөтүлдү. 4 материал өндүрүштөн кыскартылган. Калган төртөө маалыматтардын электрондук журналына катталып, тиешелүү чечимдер кабыл алынууда», - деп айтылат маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...