• Башкы бет
  • Рыскелди Момбеков шайлоодон четтетилди
10:33, 2021-ж., 25-ноябрь

Рыскелди Момбеков шайлоодон четтетилди

Рыскелди Момбеков шайлоодон четтетилди

Борбордук шайлоо комиссиясы кечээ, 24-ноябрдагы жыйынында «Социал-демократтар» партиясынын курамы менен Жогорку Кеңештин депутаттыгына аттанган Рыскелди Момбековдун каттоосун жокко чыгарды.

Мындай чечимди БШКнын 10 мүчөсү кабыл алды.

Буга чейин УКМКнын тергөөчүсү Момбеков Кыргыз улуттук университетинин дипломун жасалмалоого шектелип жатканын билдирген.

Момбековдун үстүнөн 2020-жылы 5-мартта Бакыт Шаршенбиев аттуу жаран арызданган.

Тергөөчүлөр Улуттук архив фондунан Момбековдун диплому тууралуу маалымат берүүнү суранышкан. 2020-жылы 16-мартта Архив фондунан жооп келген. Анда КУУнун диплому Момбековго таандык эмес экени, дипломдун номуру башка адамга берилгени айтылат. Бул Тышкы иштер министрлигинин Дипломатиялык академиясынын диплому да жасалма документтин негизинде алынганын билдирет.

«Эгерде мен дипломду жасалмаласам, элден кечирим сурап, өзүмдү атып салмакмын», - деп жооп берген Момбеков.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...