• Башкы бет
  • Ош-Бшкек жолундагы кырсыктан кийин ооруканага түшкөн жаша бала каза болду
10:30, -ж., 25-ноябрь

Ош-Бшкек жолундагы кырсыктан кийин ооруканага түшкөн жаша бала каза болду

Ош-Бшкек жолундагы кырсыктан кийин ооруканага түшкөн жаша бала каза болду

Бишкек—Ош унаа жолунун Кара-Суу районундагы тилкесиндеги жол кырсыктан кийин ооруканага түшкөн 3 жаш баланын бири каза болду. Бул маалыматты Ош облустук балдар ооруканасынан тастыкташты.

Маалыматка караганда, 16-ноябрда аталган жол кырсыктын кесепетинен денесинен түрдүү жаракат алган 3 бала Ош облустук балдар ооруканасына түшкөн. Алардын бири — 2014-жылы туулаган З.М.нын абалы өтө оор болгон. Анын мээсине кан уюп, баш сөөктөрү сынып кеткен.

«Азыр биздин ооруканада эки бала дарыланып жатат. Алардын бирөө нейрохирургия бөлүмүндө, бирөө сынык жана жарааттар бөлүмүндө. Бирөөнүн абалы өтө оор болгондуктан үч күндөн кийин каза болуп калды. Азыр бизде жаткан эки баланын абалы жакшы», - деп айтылат маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...