• Башкы бет
  • Ошто жаңы Перинаталдык борбор курулат
12:11, -ж., 24-ноябрь

Ошто жаңы Перинаталдык борбор курулат

Ошто жаңы Перинаталдык борбор курулат

Германия өнүктүрүү банкы жана КР Саламаттыкты сактоо министрлигинин атайын долбоорунун негизинде Ошто Перинаталдык борбор курулушу пландалууда.

Кечээ, 23-ноябрь күнү аталган долбоорду ишке ашыруу боюнча жыйын өттү. Иш-чарага КР Президентинин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов, Ош шаарынын вице-мэри Венера Рыскулова, Германия өнүктүрүу банкынын өкүлдөрү, КР Саламаттыкты сактоо министринин орун басары жана Ош облусундагы саламаттыкты сактоо мекемелеринин жетекчилери катышты.

Аталган заманбап Перинеталдык борбор заманбап медициналык жабдыктар менен жабдылып, көп профилдүү болуп, Ош облустар аралык бириккен клиникалык ооруканасынын аймагына курулат. Перинаталдык борбордо төрөттүн оор түрлөрү менен кайрылган бейтаптарды кабыл алат. Курулуш иштери 2022-жылы башталып, 2024-жылы бүтүрүү пландалууда.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...