• Башкы бет
  • Ош шаарынын мэри Германиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту
12:10, 2021-ж., 24-ноябрь

Ош шаарынын мэри Германиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

Ош шаарынын мэри Германиянын Кыргызстандагы элчиси менен жолугушту

Кечээ, 23-ноябрда Ош шаарынын мэри Алмаз Мамбетов Германиянын Кыргызстандагы атайын жана ыйгарым укуктуу элчиси Габриэлла Геллил менен жолугушту.

Жолугушууда эки тараптуу кызматташтык, саламаттык сактоо, билим берүү жана туризм багытында сөз жүрдү. Бул жаатта биргеликте ишке ашырылуучу пландар тууралуу айтылды.

Мэр Алмаз Мамбетов өз сөзүндө Германия өкмөтүнүн демилгеси менен ишке ашырылган үй-бүлөлүк медицина борборунда, тез жардам кызматындагы долбоорлор үчүн ыраазычылыгын билдирди. Ошол менен бирге Ош туристтик шаар экенин белгилеп, Ош жана Мюнхен шаарларынын кызматташуу маселесин көтөрдү.

Габриэлла Геллил Ош шаарында жаңы перинаталдык борбор курула турганын маалымдады. Өз кезегинде Германиянын Кыргызстандагы элчиси эки тараптуу кызматташтыкты өнүктүрүү багытында алгылыктуу иштер жүрө турганын кошумчалады.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...