• Башкы бет
  • ЮНЕСКО Кыргызстандын тоо мөңгүлөрү боюнча демилгесин кабыл алды
12:00, -ж., 24-ноябрь

ЮНЕСКО Кыргызстандын тоо мөңгүлөрү боюнча демилгесин кабыл алды

ЮНЕСКО Кыргызстандын тоо мөңгүлөрү боюнча демилгесин кабыл алды

23-ноябрда ЮНЕСКОнун 41-сессиясынын пленардык жыйынында Кыргызстан демилгелеген тоо мөңгүлөрүн сактоо боюнча “Тоо мөңгүлөрүнө мониторинг жана изилдөө жүргүзүүнү кеңейтүү” деген жаңы резолюция бир добуштан кабыл алынды. Бул тууралуу Тышкы иштер министрлиги билдирди.

Демилге президенти Садыр Жапаров тарабынан 2021-жылдын сентябрында БУУнун Башкы Ассамблеясынын 76-сессиясында жарыяланган.

Бардык мамлекеттердин жалпы колдоосу менен Кыргызстандын резолюциясына ЮНЕСКОнун төмөнкү мүчө-мамлекеттери демөөрчүлүк кылышты: Орусия, Швейцария, Өзбекстан, Сербия, Бангладеш, Кытай, Эфиопия, Филиппин, Тунис, Испания, Мадагаскар, Аргентина, Конго Демократиялык Республикасы, Түштүк Корея, Италия, Беларус, Кения, Габон, Намибия, Казакстан, Исландия, Улуу Британия жана Австрия.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...