• Башкы бет
  • Шайлоого карата 295 эл аралык байкоочу катталды
11:58, 2021-ж., 24-ноябрь

Шайлоого карата 295 эл аралык байкоочу катталды

Шайлоого карата 295 эл аралык байкоочу катталды

Борбордук шайлоо комиссиясы 23-ноябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоого карата 295 эл аралык байкоочуну каттады. Ушуну менен каттоодон өткөн байкоочулардын саны 730га жетти. Бул тууралуу аталган мекеменин басма сөз кызматы кабарлады.

Расмий маалыматка караганда, катталгандырдын басымдуу бөлүгүн Европадагы Коопсуздук жана Кызматташтык Уюмунун (ЕККУ) жана Көз каранды эмес Мамлекеттер Шериктештигинин (КМШ) парламент аралык ассамблеясынын байкоочулары түзөт.

Булардан тышкары байкоочулары катталгандар арасында КМШга кирген мамлекеттер, Шанхай Кызматташтык Уюму, Түрк тилдүү мамлекеттердин парламенттик ассамблеясы, Ислам Кызматташтык Уюму, Жамааттык Коопсуздук Келишим Уюмунун парламенттик ассамблеясы бар.

Мындан тышкары Азербайжан, Беларус, Грузия, Казакстан, Латвия, Литва, Мальдив, Молдова, Орусия, Румыния, Тажикстан, Түркия, Украина жана Өзбекстандын Борбордук шайлоо комиссиясынын өкүлдөрүн шайлоого байкоо салуу үчүн каттады. Расмий каттоодон өткөн байкоочулардын арасында башка мамлекеттердин Кыргызстандагы элчиликтеринин өкүлдөрү да бар.

Кыргызстанда парламенттик шайлоо 28-ноябрда болот. Жогорку Кеңештеги 90 орунга саясий партиялардан 54, бир мандаттуу округдардан 36 депутат шайланат. Бир мандаттуу округдардан 321 талапкер катталып, 23-ноябрга карата 290дой талапкер калды.

Былтыркы шайлоонун жыйынтыгы элдин нааразылыгынан улам жокко чыгып, өлкөдө бийлик алмашкан.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...