Лейлекте адамдарды коркутуп акча алган жарандарга соттун чечими чыкты

Лейлек райондук соту башканы коркутуп акча талап кылган 2 адамга карата 17-ноябрь күнү өкүм чыгарды.
Соттолуучулар:
Майрамбек (аты өзгөртүлдү М.С.А.) 1991-жылы Лейлек районунда туулган. Билими жогорку, убактылуу эч жерде иштебейт. Үй-бүлөлүү, 5 баланын атасы. Мурда соттолгон эмес. Ага Жазык кодексинин 203-беренеси (опузалап талап кылуу) менен айып тагылган.
Карим (аты өзгөртүлдү К.К.А.) 1990-жылы Сүлүктү шаарында туулган. Орто билимдүү, убактылуу иштебейт. Үй-бүлөлүү, 2 баланын атасы. Мурда соттолгон эмес. Ага Жазык кодексинин 203-беренеси (опузалап талап кылуу) менен айып тагылган.
Кылмыштын чоо-жайы:
Тергөөнүн маалыматына караганда, Майрамбек спорттун эр уруш түрү менен шугулданат. Ал башкаларды опузалап талап кылуу жолу менен жеңил акча табуу максатын көздөп, 2021-жылдын 19-майында болжол менен саат 15:30 чамаларында Төрө аттуу таанышы менен Лейлек районунун Исфана шаарынын борбордук базарындагы самса жасоочу жайга барышкан. Ал жерди ижарага алып иштетип жаткан Д.Т. аттуу адамды чакырып алышып, «Биз спортсмендербиз, ушул районду карайбыз. Самсакана иштетип ар күнү канча акча таап жаткандыгыңды билебиз. Андыктан мындан ары бизге ай сайын акча берип турасың. Өзүңдү жана үй-бүлөңдү ойло. Сени биз тоого алып чыгып кыйнагагыбыз жок. Эгер акча берип турсаң кылмыштуу топтун мүчөлөрүнөн, спортсмендерден жана милиция кызматкерлеринен коргоп турабыз. Эгер биздин шартыбызга макул болбосоң өкүнүп каласын» деп коркутуп, акча берүүгө мажбурлашкан.
Майрамбек андан соң 2021-жылдын 6-июль күнү болжол менен саат 13:00 чамасында Кожон деген таанышы менен биргеликте Д.Т.нын самса жасоочу жайына келип, анын кардарлары көп болуп жаткандыгына карабастан, сыртка чыгуусун талап кылышкан. Ал кардарлары көп экенин айткан учурда, аны телефону аркылуу базарындагы унаа токтоочу жайга чакырып чыгышкан. Д.Т. ал жерге барган учурда, Кожон экөө «Биз спортсмендер ушул районду карайбыз. Бизди Бишкекке жөнөтүп жатышат. Эми сен бизге ай сайын акча берип турасың. Азырынча 500 доллар бересиң. Биз Бишкекке бара жатабыз. Акчаларды ошол жакта «общакка» беребиз» деп акча талап кылышкан. Д.Т. алардан убактылуу кутулуу максатында «Азыр менде андай акча каражаты жок. 9-июлга даярдап берейин» деп ишендирип, алар тынч койбостугун билип, 8-июль күнү милицияга арыз менен кайрылган. Андан кийин Майрамбек андан акчаны алып жаткан жеринен кармалган.
Соттук отурумда Майрамбек акчаны коркутуп талап кылбагандыгын, Т.Д.дан аны карызга сурагандыгын айтты. Карим болсо бул окуяларга тиешеси жок экендигин айтып, айыбын мойнуна алган жок. Д.Т. болсо соттон айыпталуучуларга айыпталуучуларга максималдуу жаза берүүнү суранды.
Сот иштин материалдарын карап чыгып, айыпталуучуларды 3 жылга эркинен ажыратып, 50 миң сом айып салды. Бирок аларга 1 жылдык мөөнөткө пробациялык көзөмөл колдонулуп, эркинен ажыратуу жазасынан бошотулушту.
Комментарийлер