• Башкы бет
  • Дары ичип ооруканага түшкөн кыздын абалы белгилүү болду
11:53, 2021-ж., 24-ноябрь

Дары ичип ооруканага түшкөн кыздын абалы белгилүү болду

Дары ичип ооруканага түшкөн кыздын абалы белгилүү болду

19-ноябрда Ош шаарында ооруканага жеткриилген кыздын окуясынын чоо-жайы такталды. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын басма сөз кызматы кабарлады.

Маалыматка караганда, аталган факты милицияда өзүн-өзү өлтүрүүгө түрткү берүү беренеси менен катталан. Текшерүү учурунда чындыгында эле Ош шаардык ооруканасына 19-ноябрда 18:30да Ош шаардык ооруканасына тез жардам кызматы тарабынан Ош шаарынын 1994-жылы туулган тургуну С.А. жеткирилгени такталган. Ал милиция кызматкерлерине ооруканага түшкөндүгү тууралуу «5-ноябрь күнү чоӊ энем каза болду. Мен анын колунда чоӊойгондуктан бул кабарды аябай оор кабыл алдым. Кыйналдым. Анан интернеттен «С» аттуу дары жардам бере тургандыгын окуп, аны чоӊ энем жашаган аймактан 3 таблетка сатып алдым. Аны бир таблеткасын Ошко келип ичкенимде ичим ооруду. Кустум. Анан эсимди жоготуп койдум» деп түшүндүрмө берген. Аталган дары өкмөт тарабынан бекитилген тизмеде наркотикалык же психотроптук заттардын-дарылардын катарына киргизилген эмес. Андыктан жабыркаган кыздын синтетикалык баңгизатка ууланып түшкөндүгү чындыкка дал келбейт. Бирок бул дары дарыгердин көрсөтмөсү, рецепти менен гана оорукчандарга сатылуусу тийиш.

Жабыркаган С.А. ал дарыны Ош облусунун райондорунун биринен рецептсиз сатып алгандыгына байланыштуу тиешелүү териштирүү аракеттерин жүргүзүү үчүн бул факты боюнча топтолгон материалдар Ош облустук ички иштер башкармалыгына жөнөтүлөт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...