Соцсеттерден айдоочулар тууралуу жаңы мыйзамдар боюнча жалган маалымат тарап жатат

WhatsApp мессенджери аркылуу айдоочулар арасында жаңы мыйзамдар тууралуу жалган маалымат тарап жатат. Бул тууралуу бүгүн, 23-ноябрда ИИМдин Жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгынан билдиришти.
Маалыматка караганда, белгисиз адам айдоочуларга жанында ишеним кагазын алып жүрүп, унаанын милдеттүү түрдө техникалык кароодон өткөрүүгө чакырууда. Анын айтымында, милиция кызматкерлери текшерүү жүргүзүп, унааларды айып короого киргизип, «мыйзам бузгандарга» чара көрөт.
Ушул жылы 1-декабрдан тарта Укук бузуулар тууралуу кодекс күчүнө кирет. 193-беренеге ылайык, унааны мас абалда башкаргандарга 17 миң 500 сом айып салынып же 30 саатттан 40 саатка чейин коомдук жумушка тартылат. Мындан тышкары кодекске кошумча өзгөртүүлөр киргизилди.
«Аудио билдирүүдө айтылгандар чындыкка дал келбейт», - деп айтылат маалыматта.
Башкармалык жарандарды жалган маалымат таратуудан алыс болууга чакырат.
Комментарийлер