• Башкы бет
  • Бишкекте тапанчадан ок чыгарган жаран кармалды
11:50, 2021-ж., 24-ноябрь

Бишкекте тапанчадан ок чыгарган жаран кармалды

Бишкекте тапанчадан ок чыгарган жаран кармалды

Бишкек шаарында тапанчадан ок чыгарган жигит милицияга жеткирилди. Бул тууралуу Ленин РИИБ билдирди.

Социалдык тармакта камуфляж кийген жигит тапанчадан ок чыгарган видео тараган.

Милициянын маалыматына караганда, окуя 12-ноябрга караган түнү Чүй менен Турусбеков көчөлөрүнүн кесилишинде болгон. Аталган факт КЖБРга Жоруктар жөнүндө кодексинин 121-беренеси (Калктуу конуштарда ок атуучу куралдан атуу) менен катталды.

Милиция кызматкерлери видеодогу жигитти бүгүн, 24-ноябрда РИИБге алып барышты. Видеодогу жигит 2002-жылы туулган Р.Б. экени белгилүү болду.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...