10:10, 2021-ж., 23-ноябрь
Чеченстан журналисттерди кылмышкерлердин улутун ачык айтпоого чакырууда

Чеченстандын парламенти Орусиянын Мамлекеттик думасына маалымат каражаттарында кылмышкерлердин улутун жана динин ашкерелөөгө тыюу салган мыйзам долбоорун сунуштады.
Документтин авторлору кабарларда кылмышкердин дини жана улутуна басым жасоону динчилдерди кемсинтүү деп санашат.
Чечен парламенти бул мыйзамды кабыл алуу менен Орусияда улуттар жана диндер аралык ынтымакты бекемдөөгө салым кошулат деп эсептейт.
Аталган мыйзам долбоору Чеченстандын президенти Рамзан Кадыровдун Москвада кылмышка шектүүлөрдү "кавказ тектүүлөр" деп сыпаттаган журналисттерди сындагандан кийин жазылды.
Кадыров "маалымат каражаттарында кылмышкерлерди аныктоо үчүн эки гана категориядагы жарандар бар - кавказдыктар жана жарандыгы жок кишилер" деп билдирген эле.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:44
Кечээ
14:32
Кечээ
13:23
-ж., 24-март
13:20
-ж., 24-март
13:18
-ж., 24-март
ТОП новости
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер