Акылбек Жапаров Орусиянын премьер-министр менен жолукту

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Москвага болгон иш сапарынын алкагында Россия Федерациясынын окмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен жолугушту.
Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, тараптар соода-экономикалык, маданий-гуманитардык жана отун-энергетика тармагындагы эки тараптуу мамилелерди өнүктүрүүнү талкуулашты.
Тарапта рмурда мамлекет башчыларынын ортосунда келишим түзүлгөн Кыргызстандын аймактарында билим берүү мекемелерин куруу боюнча долбоорду эртерээк баштоонун маанилүүлүгүн баса белгилешти.
«Кыргыз-россия өз ара аракеттенүүсү өнөктөштүк принцибинде курулуп, эки тараптуу жана көп тараптуу форматтарда туруктуу өнүгүүдө», - деп белгиледи Акылбек Жапаров жолугушуунун жүрүшүндө.
Ал ошондой эле россиялык тарапка үстүбүздөгү жылдын 1-декабрынан тарта эки өлкөнүн ортосундагы үзгүлтүксүз каттамдардын санын жогорулатуу тууралуу кабыл алынган чечими жана орусиялык «Спутник Лайт» вакцинасынын 200 миң дозасы түрүндөгү гуманитардык жардамдын жеткирилиши үчүн ыраазычылык билдирди.
Акылбек Жапаров жана Михаил Мишустин салыктык жана бажылык башкаруу системасын санариптештирүүнү, анын ичинде салык жана бажы процедураларын фискалдаштыруу маселелерин талкуулап, Кыргыз Республикасында заманбап маалыматтарды иштеп чыгуу борборун түзүү зарылдыгын белгиледи.
«Биз үчүн бул багыттагы Россия Федерациясынын тажрыйбасы абдан маанилүү», - деп белгиледи Акылбек Жапаров.
Комментарийлер