Ош милициясы рейддин негизинде оор шартта жашаган 24 баланы аныктады

Ош шаардык ички иштер башкармалыгынын жашы жете электер менен иштөө инспекциясы тарабынан «Камкордук» аталышындагы профилактикалык иш-чара өткөрүлдү. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Түзүмдүн маалыматы боюнча, иш-чарага милиция кызматкерлери, билим берүү, социалдык жактан коргоо тармагынын өкүлдөрү катышты. Негизги максат оор шарттарда иштеген, оор турмуштук кырдаалга туш болгон балдарды, мектеп курагындагы кайыр сураган өспүрүмдөрдү аныктоо, аларга жардам көрсөтүү болуп саналат.
«Иш-чаранын жүрүшүндө жылуулук трассалары, жер төлөлөр, интернет клубдар, коомдук тамактануучу жайлар, соода түйүндөрү текшерилди. Жыйынтыгында балдар үйүнө 2 бала жеткирилип, оор шарттарда жашаган 24 өспүрүмгө жардам көрсөтүү боюнча социалдык мекемелерге билдирилди. Мектепке барбай жаткан 9 окуучунун ата-энелери менен маектешүүлөр жүргүзүлүп, мектепке кайтарылды. Жашы жете элек экендигине карабастан базарларда, соода түйүндөрүндө иштеп жүргөн 17 өспүрүм аныкталды. Бул иш-чаранын жүрүшүндө аныкталган фактыларга таянып, өспүрүмдөргө жардам көрсөтүү максатында жергиликтүү бийлик органдарына 19, билим берүү тармагына 7, социалдык коргоо органдарына 22 кат жөнөтүлдү», - деп айтылат маалыматта.
Комментарийлер