17:11, 2021-ж., 22-ноябрь
Эдил Байсалов гепатит оорусу менен ооругандар менен жолукту

Өкмөт үйүнүн жанында гепатит менен ооругандардын митинги уланууда. Алар менен министрлер кабинетинин төрагасынын орун басары Эдил Байсаловжолукту.
Чогулгандар ага дарыланууда кандай кыйынчылыктарга дуушар болуп жатканын айтты.
Тынчтык акциясынын катышуучулары бийликтен Гепатология борборун ачууну, ооруну жуктурбоо үчүн жакындарына эмдөө иштерин уюштурууну жана дары-дармектердин арзан баасын камсыздоону суранышты. Мындан сырткары, компетенттүү органдардан стоматология жана тырмак салондорун текшерүүнү талап кылышты. Митингчилердин айтымында, алар гепатитти дал ушул жерлерден жуктуруп алышкан.
Байсалов талаптарды угуп, бул маселенин чечилишин көзөмөлгө алууну убада кылды.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:44
Кечээ
14:32
Кечээ
13:23
-ж., 24-март
13:20
-ж., 24-март
13:18
-ж., 24-март
ТОП новости
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер