• Башкы бет
  • Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Москвага жөнөп кетти
17:08, -ж., 22-ноябрь

Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Москвага жөнөп кетти

Акылбек Жапаров жумуш сапары менен Москвага жөнөп кетти

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров иш сапары менен Москвага жөнөп кетти.

Министрлер кабинетинин басма сөз кызматы билдиргендей, иш сапардын алкагында Россиянын премьер-министри Михаил Мишустин менен жолугушуу пландалып, анда эки тараптуу кызматташуу маселелери талкууланат.

Сапар тууралуу макулдашуу үстүбүздөгү жылдын 18-19-ноябрында Ереванда Евразиялык өкмөттөр аралык кеңешинин алкагында өткөн Россия Федерациясынын өкмөтүнүн төрагасы Михаил Мишустин менен эки тараптуу сүйлөшүүлөрдүн жыйынтыгы боюнча жетишилген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

Жарыялар
live comments feed...