• Башкы бет
  • Ош облусунун райондорунда көмүрдүн тоннасы 3 миң сомдон сатыла баштады
17:04, 2021-ж., 22-ноябрь

Ош облусунун райондорунда көмүрдүн тоннасы 3 миң сомдон сатыла баштады

Ош облусунун райондорунда көмүрдүн тоннасы 3 миң сомдон сатыла баштады

Ош облусунун райондорунда 1 тоннасы 3000 сомго бааланган көмүр сатылып баштады. Бул тууралуу президенттин облустагы өкүлчүлүгүнөн билдиришти.

Маалыматка караганда, көмүр Өзгөн районунун 15 жаш айылындагы карьерден алынып келинди. Көмүр буга чейин Ош облусунун аймагында иштеп жаткан социалдык базаларда сатылат. Көмүрдүн сапаты атайын адистердин текшерүүсүнөн өткөрүлдү.

«Арзан көмүрдү алуу жана даректери тууралуу маалыматтар боюнча райондук мамлекеттик администрация же айыл өкмөттөргө кайрылсаңыздар болот», - деп айтылат маалыматта.

Министрлер кабинети 2021-2022-жылдардагы күз-кыш мезгилинде калкты көмүр менен камыз кылуу максатында, көмүрдүн баасы кымбаттабашы үчүн «Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салууну киргизүү жөнүндө» токтом кабыл алган.

Кыргыз Республикасынын аймагында көмүрдүн баасына мамлекеттик жөнгө салуу максималдуу баа менен 90 календардык күнгө киргизилген.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...