Ош шаарында электр энергиясы нормадан көп керектелүүдө

Ош шаары 60 пайыз көмүр менен камсыз болуп, бирок электр энергиясы нормадан көп колдонулуп жатканын бүгүн, 22-ноябрда Ош шаардык мэриясындагы шайлоону уюшкандыкта өткөрүү боюнча кеңейтилген жыйында коммуналдык-транспорт бөлүмүнүн башчысы Урали Романов билдирди.
Анын айтымында, Ош ЖЭБ менен «Жылуулук камсыздоо» муниципалдык ишканасы шаарды жылуулук менен камсыздайт. Ишканада 90 откана бар, анын ичинен 87 откана иштеп жатат.
«Жылуулук камсыздоо" ишканасын жылуулук берип жаткан учурдан баштап көзөмөлгө алып жатабыз. Алар жылуулук жеткирип жатышат. Социалдык тармактарда жылуулук берилбей жатканын айтып арызданышкан. Жерине барсак жер төлөдөгү жылуулук түтүктөрүнүн жамалбаган жери калбаптыр. Ошондуктан түшүнүп, ошондой иштерди жасасаңыздар жылуулук барат», - деди ал.
Бүгүнкү күндө Ош шаарында 14 миң 100 тонна (60%) көмүр даярдалды.
«Электр энергиясын үнөмдүү пайдалануу керек. Ошко 90 миллиондон ашык киловатт\саат беришкен болсо, бүгүнкү күнгө чейин эле 82 миллионун колдонуп койдук», - деди Раманов.
Комментарийлер