• Башкы бет
  • Өзгөндүн тургуну сот жообуна тартылды
17:00, 2021-ж., 22-ноябрь

Өзгөндүн тургуну сот жообуна тартылды

Өзгөндүн тургуну сот жообуна тартылды

Ош облусунун Өзгөн райондук соту Болдукандын (аты өзгөртүлдү) жорук ишин карап, өкүм кабыл алды.

Ал Ош облусунун Өзгөн районунда 1996-жылы туулган, билими орто, ажырашкан, убактылуу эч жерде иштебейт. Мурда соттолгон эмес, Жоруктар жөнүндө кодексинин 66-беренесинин 1-бөлүмү (Ден соолукка жеңил зыян келтирүү) менен айыпталууда.

Тергөө органдарынын маалыматына караганда, Болдукан 2021-жылдын 28-август күнү болжол менен саат 21:30 чамасында Өзгөн шаарындагы мейманканалардын биринде администратор болуп иштеген Гүлай (аты өзгөртүлдү) менен өз ара пикир келишпестиктен урушуп кетип, анын ден соолугуна атайылап жаракат келтирүү максатында муштум менен бетке бир нече жолу уруп, денесине жараат келтирген.

Жабырлануучу Гүлай денесинен алган жаракатынан Өзгөн аймактык ооруканасына кайрылып, жеңил дене жаракат алгандыгы аныкталган.

Соттук отурумунда 1988-жылы туулган жабырлануучу окуя боюнча буларды көрсөттү. 2021-жылдын 28-август күнү жумушуна ага бей тааныш болгон бир кыз менен бир бала келип, «бир номур керек. 1000 сом акчабыз бар» деп айтышкан. Аларга бир күнгө 1500 сом деп айтса, алар кайра чыгып кетишкен. Көп өтпөй кайра кирип келип, «1380 сом акчабыз бар» дешкенинен, жабырлануучу макул болуп акчасын алган. Бирок алар бир азда келе тургандыгын айтып чыгып кетишкен. Арадан жарым саат убакыт өткөн соң кыздын жигити келип, «биз кирбей калдык. Мага акчаны кайтарып бер» деп айткан. Гүлай макул болуп акчаны берген. Бирок Болдукан: «Сен ага эмнеге бересиң?» деп уруш чыгарып, үстүнө жатып алып уруп салган. Сырт тараптан күзөтчү келип, аларды ажыратууга аракет кылган. Бирок күзөтчү ажырата албай жатканда, жетекчиси келген. Ал айыпталуучуга жакшы мамиле кылгандыктан Болдукан жабырлануучуну тээп жиберген.

Гүлай азыркы учурда айыпталуучу сотту урматтабай келбей жаткандыгын, ошондуктан ага карата мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү суранды.

Күбөнүн айтымында, 2021-жылдын 28-август күнү үйүндө отурса, администратор телефон чалып, «келиңиз мейманканага, бир кыз келип тополоң салып жатат» деп айткан. Мейманканага дароо эле жетип барып, ага бейтааныш болгон кыз менен Гүлай урушуп жаткандыгын көргөн. Экөөнү тең ажыратып, себебин сураса, бейтааныш болгон кыз жабырлануучудан 1400 сом акчаны талашып жаткандыгын айткан. Дароо эле ал кызды сыртка чыгарып жиберген.

Ал эми айыпталуучу Кыргыз Республикасынын аймагынан чыгып кеткендиги боюнча мамлекеттик айыптоочу тарабынан тапшырылган тактамалардын негизинде соттук отурумда далилденди.

Болдукан Жоруктар жөнүндө кодексинин 66-беренесинин 1-бөлүмү (Ден соолукка жеңил зыян келтирүү) менен күнөөлүү деп табылып, 28 000 сом айыпга кириптер кылынды.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...