• Башкы бет
  • Прокуратура кызматкерлеринин ыйгарым укугу күчөтүлдү
14:07, 2021-ж., 20-ноябрь

Прокуратура кызматкерлеринин ыйгарым укугу күчөтүлдү

Прокуратура кызматкерлеринин ыйгарым укугу күчөтүлдү

Конституциялык реформанын дагы бир өзгөчөлүгү башкы прокурорго мыйзам демилгелөө укугунун берилиши болду. Бул артыкчылык тууралуу президент Садыр Жапаров бүгүн, 20-ноябрда прокуратура органдарынын кызматкерлеринин күнүнө арналган салтанаттуу иш-чарада билдирди.

Анын айтымында, буга чейин жүргүзүлгөн соттук-укуктук реформанын алкагында кылмыш-жазык мыйзамдары кабыл алынып, укук коргоо системасына бир катар сокку урулган.

Мамлекет башчысы Советтер Союзу убагынан бери калыптанып калган эң оор жана ашкерелөөгө кыйын болгон кылмыштарды тергөө укугу прокуратура тергөөчүлөрүнөн алынып салынганын эске салды.

«Менин оюмча бул шашылыш түрдө кабыл алынган чечим болгон. Анткени прокуратуранын тергөөчүлөрү ар дайым сапаттуу тергөөнүн үлгүсү болуп келген. Ошондуктан, 2021-жылдагы жаңы Конституциянын талаптарына ылайык, прокуратура органдарына кылмыш куугунтугун жүргүзүү функциялары, жөнөкөй тил менен айтканда, тергөө жүргүзүү укугу кайра кайтарылып берилди. Конституциялык реформанын дагы бир өзгөчөлүгү башкы прокурорго мыйзам демилгелөө укугунун берилиши болду», - деди президент.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...