
14:02, 2021-ж., 20-ноябрь
Ноокатта 200 миң сом акча опузалаган жаран кармалды

Кечээ, 18-ноябрда Ноокат районунда опузалап акча талап кылган шектүү кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Түзүмдүн маалыматы боюнча, шектүү — Жалал-Абаддагы Сузак районунун 39 жаштагы тургуну Ж.А. буга чейин бир нече жолу соттолгон. Ал жеке ишкерден опузалап акча талап кылып жаткан жеринен Ноокат РИИБдин экстремизмге жана мыйзамсыз миграцияга каршы аракеттенүү кызматы жана криминалдык милиция кызматынын кызматкерлери тарабынан колго түштү.
«Аталган факт Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, Жазык кодексинин 203-беренесинин (опузалап талап кылуу) негизинде сотко чейинки өндүрүш иши ачылган. Кылмышка шектүү жабырлануучу чет өлкөгө ири суммадагы товарларды жөнөтүп тургандыгынан кабардар болгон. 17-ноябрь күнү Ноокат районунун 32 жаштагы тургуну И. З. РИИБге арыз менен кайрылган. Анда аны тааныбаган адам коркутуп, 200 000 сом акча талап кылып жатканын билдирген», - деп айтылат маалыматта.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
16:36
-ж., 23-сентябрь
16:33
-ж., 23-сентябрь
16:30
-ж., 23-сентябрь
16:27
-ж., 23-сентябрь
16:23
-ж., 23-сентябрь
15:36
-ж., 22-сентябрь
15:33
-ж., 22-сентябрь
15:31
-ж., 22-сентябрь
Атайын тема
Жарыялар
14:03, -ж., 12-сентябрь
22
19:36, -ж., 17-сентябрь
10
live comments feed...
Комментарийлер