Ош облусунда арзан көмүр сатылат

Ош облусуна караштуу Өзгөн районундагы көмүр кендердин биринен 2 сомдон көмүр алынып, аймактарга жөнөтүлөт. Бул тууралуу президенттин Ош облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн орун басары Данияр Жаныкулов билдирди.
Анын айтымында, бүгүн, 19-ноябрдан баштап президенттин бул тапшырмасын жергиликтүү бийлик ишке ашырат. Учурда аймактарга 2 сомдон алынган көмүрдү ташыган унаалардын чыгымдары эсептелүүдө. Бирок көмүрдүн баасы 3 сомдон ашпашы керек деген талап аткарылат.
«Азыр президенттин Ош облусундагы өкүлү Зиядин Жамалдинов Бишкекте жүрөт. Ал мага тапшырма берди. Унаалар жөнөтүлөт, Салам-Алик айыл аймагына караштуу 15 жаш айылындагы көмүр кенден биздин райондорго бөлүнүп кетет. Биз ошонун баасын тактап жатабыз», - деди Данияр Жаныкулов.
Данияр Жаныкулов шайлоого үгүт учурунда кайсы бир талапкер көмүрдү арзан сатууга же жеткирип берүүгө укугу жок экенин баса белгиледи. Мындай учур катталса, талапкер мыйзам чегинде жазага тартылат.
Комментарийлер