• Башкы бет
  • Папандагы көпүрө калыбына келтирилди
13:52, 2021-ж., 20-ноябрь

Папандагы көпүрө калыбына келтирилди

Папандагы көпүрө калыбына келтирилди

Ош—Папан—Кожокелен унаа жолунун 24-чакырымында убактылуу көпүрө курулду. Бул тууралуу Кара-Суу районунун Папан айыл өкмөтүнүн башчысы Нурзаман Алимбеков билдирди.

Анын айтымында, көпүрө темирден куралды.

«Көпүрөнү орнотуп, үстүнө плита басып, шагыл төгүп коюшту. 11-ноябрь күнү көпүрө бүтүп, 12-ноябрдан баштап унаалар каттай баштады. Ал көпүрө 10-15 тонна жүк көтөрө алат экен. Бирок оор жүк ташуучу унаалар айланма жол менен каттоодо», - деди Алимбеков.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...