• Башкы бет
  • Фетуллах Гүлен өлтүрүлгөнү кабарланууда
10:34, 2021-ж., 19-ноябрь

Фетуллах Гүлен өлтүрүлгөнү кабарланууда

Фетуллах Гүлен өлтүрүлгөнү кабарланууда

Түркиянын оппозициячыл маалымат порталы «Oda TV» Фетхуллах Гүлендин ууландырылып өлтүрүлгөнүн билдирди. Ошондой эле «ФЕТӨ» уюмунун Гүлендин тирүү экенин жарыялаган видео монтаждалганын жазды.

«Oda TV» билдиргендей, Гүлен АКШнын Пенсильвания штатындагы өз үйүндө шаршембиге караган түнү ууландырылган. Ошондой эле анын жанындагы дагы бир адам каза болду. Гүлендин үй кызматкерлерине журналисттер менен сүйлөшүүгө тыюу салынды.

«Oda TV» бул маалыматтарды Түркиянын атайын кызматтарындагы булактары жеткиргенин айтууда.

Ошону менен катар Гүлендин уюму видео жарыялап, анда Гүлендин креслодо отуруп, дуба кылып жатканын көрсөттү. Бирок «Oda TV» бул видео буга чейин жарыяланган видеолордон монтаждалганын билдирди.

Азырынча Түркиянын массалык маалымат каражаттары Гүлендин абалы тууралуу так жазыша элек.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...