Ноокаттык 2 окуучу АКШда окушу мүмкүн

Ноокат районундагы окуучулар Америка Кошмо Штатынын Мамлекеттик департаментинин Билим берүү жана маданият бюросу тарабынан уюштурулган «Келечектеги лидерлер» (FLEX) алмашуу программасына катышып, 2-баскычынан ийгиликтүү өтүштү. Бул тууралуу «Аян« окуу борборунун жетекчиси Кундуз Арапова билдирди.
Анын маалыматына караганда, эгер алар 3-баскычтан — интервью же ооз эки баарлашуу — ийгиликтүү өтүшсө, анда алар АКШда стипендиялык негизде 1 жыл бекер окуп келүүгө мүмкүнчүлүк алышат.
Стипендияга ээ болгон Эмир Атабеков менен Карина Калмаматова англис тилин «Аян» окуу борборунун англис тили боюнча окутуучусу Зарина Аскарованын жардамы менен өздөштүрүшкөн.
FLEX же «Келечектеги лидерлер» программасы АКШда стипендиялык негизде 1 жыл акысыз окуп келүүгө мүмкүнчүлүк түзөт жана ал АКШнын Мамлекеттик департаментинин Билим берүү жана маданият бюросу тарабынан каржыланат.
«Эмир менен Каринанын ийгиликке жетүүсү алардын англис тилин үйрөнүүсүнө болгон кызыгуусу жана аларды окуткан мугалим Зарина Аскарованын европалык усулдарды колдонуу менен сабак өтүүсү себеп болду деп эсептейбиз. Биз алардын 3-баскычтан дагы ийгиликтүү өтө алышына ишеним артып турабыз», - деди Кундуз Арапова.
Комментарийлер