• Башкы бет
  • Акыркы суткада 62 адамдан коронавирус табылды
11:27, 2021-ж., 18-ноябрь

Акыркы суткада 62 адамдан коронавирус табылды

Акыркы суткада 62 адамдан коронавирус табылды

Коронавируска каршы республикалык ыкчам штабдын бүгүнкү, 18-ноябрдагы маалыматына караганда, кечээтен бери Кыргызстанда бул инфекциядан үч адам каза болду, үчөө тең вакцина албагандар.

Жалпысынан өлкөдө COVID-19дан көз жумгандардын расмий саны 2715 адамга жетти.

Соңку бир күн ичинде вирус дагы 62 адамдан табылды. Алардын эң көбү Бишкек шаарында (17 адам) жана Чүй облусунда (17 адам).

Өлкөдө коронавирус жуккандардын расмий катталган саны 182 667 адамга жетти.

Азыр ооруканада 560 бейтап жатат, дагы 661 адам үйдөн дарыланууда.

Адистер расмий статистика чыныгы абалды чагылдырбай жатканын, ооругандар да, каза болгондор да андан көбүрөөк экенин айтып келишет.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...