• Башкы бет
  • Кыргызстан менен Орусиянын коопсуздук жаатындагы планы кабыл алынып, кол коюлду
11:24, 2021-ж., 18-ноябрь

Кыргызстан менен Орусиянын коопсуздук жаатындагы планы кабыл алынып, кол коюлду

Кыргызстан менен Орусиянын коопсуздук жаатындагы планы кабыл алынып, кол коюлду

Кыргызстан менен Орусия коопсуздук жаатындагы кызматташтыкты талкуулашты. Бул тууралуу маалымат 17-ноябрда Орусиянын Коопсуздук кеңешинин расмий сайтына жарыяланды.

Анда айтылгандай, эки өлкөнүн Коопсуздук кеңештеринин катчылары Марат Иманкулов менен Николай Патрушевдин жолугушуусу өттү. Сүйлөшүүлөрдө өзгөчө көңүл маалыматтык жана биологиялык коопсуздук жаатындагы кызматташтык маселелерине бурулду.

Жолугушуунун жыйынтыгында эки мекеме ортосундагы кызматташтыктын 2022-2023-жылга карата планы кабыл алынып, кол коюлду.

Кыргызстан Орусияны өзүнүн стратегиялык өнөктөшү деп атап келет. Эки өлкө бир катар аймактык жана эл аралык уюмдарга мүчө.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...