Кыргызстан менен Эстония билим берүү жаатында тажрыйба алмашат

12-ноябрда билим берүү жана илим министринин орун басары Нурлан Өмүров Эстониянын Билим берүү министрлигинин алдындагы Инновация жана кызматташтык боюнча мамлекеттик агенттигинин башчысы Маргус Поя жана Эстониянын Билим берүү министрлигинин Технология башкармалыгынын директору Индрек Рейманд менен жолугушуу өткөрдү.
КР Билим берүү министрлигинин басма сөз кызматы билдиргендей, бул иш-чара Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасын колдонуунун натыйжалуулугун жогорулатуу боюнча тажрыйба алмашуу максатында уюштурулду.
Жолугушууда эстониялыктар Эстониянын Билим берүү министрлиги жана башка мамлекеттик органдардын баары жумушту маалыматтык системалардагы базага таянып жасаларын, бардык процесстер ушул система аркылуу автоматташтырылып, бири-бири менен байланышкан маалыматтык системалардын экосистемасы куралганын, бир эле Билим берүү министрлигинде 60тан ашуун кызматкер ушул системанын иштөөсүн камсыз кыларын айтып беришти.
Өз кезегинде Н.Өмүров Кыргызстандын Билим берүү жана илим министрлиги 2020-жылдан тартып Билим берүүнү башкаруунун маалыматтык системасын (https://open.edu.gov.kg/index.php) ишке киргизгенин, бул система билим берүү тармагынын негизги маалымат базасын кармаган система экенин, ал маалыматтарга таянып, стратегиялык чечимдерди чыгарууга болорун билдирди.
Жолугушуунун жыйынтыгында тараптар билим берүү жаатында өз ара тажрыйба алмашууну улантмай болушту.
Комментарийлер