14:08
-ж., 29-февраль
УКМК Жогорку Кеңештин депутаты Камчыбек Жолдошбаевдин тууганын кармады. Бул тууралуу «АКИpress» агенттиги булактарына таянуу менен жазды.
Камчыбек Жолдошбаев Бишкек шаарындагы №26 Ленин райондук бир мандаттуу округунан парламенттик шайлоого катышууда.
Буга чейин УКМК Бишкек шаарында добуш сатып алууга шектелген жаран кармалганын, ал Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкердин жакын тууганы экенин билдирген.
Кармалган жаран — борбор калаанын С.М.О. аттуу тургуну.
Тергөөчүлөрдүн маалыматына караганда, С.М.О. бир нече квартал башчыны жана домкомду акча үчүн добуш сатууга үндөө иштерине тарткан.
С.М.О. кечээ, 16-ноябрда акча таратып жүргөн жеринен кармалып, УКМКнын убактылуу кармоочу жайына киргизилди.
Комментарийлер