14:08
-ж., 29-февраль
УКМКнын басма сөз кызматы Бишкек шаарына караштуу Октябрь районунун прокурорунун орун басары Айдаров Алтынбек Эркинбекович кармалганын тастыктады.
УКМКнын маалыматына караганда, Айдаров милиция кызматкерлеринен аларды жазык жоопкерчилигине тартпоо үчүн 5 миң доллар опузалаган.
Айдаров кечээ, 17-ноябрда УКМК жана Башкы прокуратуранын кызматкерлери тарабынан кармалган. Тинтүү учурунда 5 миң доллардын 200 миң сомун алгандыгы тууралуу далилдер табылды.
Айдаров УКМКнын абагына камалды жана анын мындан башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу текшерилип жатат.
Комментарийлер