Жол кырсыгынан улам "Түндүк электр" ишканасынын 2 кызматкери каза болду

Бишкек—Нарын—Торугарт унаа жолунун 29-чакырымында 3 адам каза болгон жол-транспорт кырсыгына катышкан унаалардын бири «Түндүк электр» мамлекеттик ишканасына таандык болгон. Бул тууралуу Чүй ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз кызматы билдирди.
Түзүмдүн маалыматы боюнча, кырсык кечээ, 17-ноябрда саат 18:00 чамасында «Тойота Ипсум» менен «УАЗ» («Түндүк электрге» таандык) унааларынын катышуусунда болгон.
Болжолдуу маалыматка караганда, «Тойота Ипсум» унаасынын айдоочусу — 1980-жылы туулган Б.К. чыгыштан баштышты көздөй бара жатып, рулга ээ боло албай каршы тилкеге чыгып, «УАЗ» менен кагышкан. Андан кийин «УАЗ» оодарылып, өрттөнүп кеткен.
Жол кырсыктын кесепетинен «УАЗ» унаасынын айдоочусу жана 2 жүргүнчүсү — 1964-жылы туулган К.А. жана А.К. каза болду. Мындан тышкары 4 адам Кант аймактык ооруканасына жеткирилди.
Комментарийлер