Ош облусунда куралды кантип колдонуу керектиги түшүндүрүлдү

Ош облусунун аймагында «Укук тартип», «Арсенал» жана «Камкордук» аталышындагы түшүндүрүү иш-чаралары башталды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз кызматы билдирди.
Түзүмдүн маалыматы боюнча, кечээ, 17-ноябрда Алай, Араван, Кара-Кулжа, Кара-Суу, Ноокат, Өзгөн жана Чоң-Алай райондорунун аймагында профилактикалык рейддер милициянын көчмө кабылдама унаасы менен өткөрүлдү.
«Андан сырткары Жогорку Кеңешке депутаттарды шайлоого даярдык көрүү жана өткөрүүдө коомдук тартипти камсыздоо, укук бузууларды болтурбоо жана өздүк курам менен биргеликте тейлеген аймагында жайгашкан каттоодо куралы бар жарандардын жана юридикалык жактардын курал-жарактарын сактоо эрежелерин, жоопкерчилигин күчөтүү боюнча түшүндүрүү иштери жүргүзүлүүдө. Ошондой эле "Камкордук" иш-чарасынын жүрүшүндө аз камсыз болгон үй-бүлөлөргө азык-түлүк жана керектүү буюмдар берилди», - деп айтылат маалыматта.
Комментарийлер