Маркум прокурордун жакындары Ош облустук сотунун алдына чогулушту

Бүгүн, 16-ноябрда маркум Анарбай Мамажакыповдун жакындары Ош облустук сотунун имаратынын алдына нааразычылык билдирип чогулушту. Бул тууралуу аймактык кабарчы билдирди.
Маркумдун атасы Кубатидин Мамажакыпов Мелис Калыковдун жактоочусуна нааразы экенин айтты. Ал кошумчалагандай, жактоочу Сартпай Жайчибеков бир нече соттук отурумга атайын келбей койгон.
«Менин балам 2018-жылы 17-ноябрда каза болгон. 18-ноябрь күнү үйгө алып кеткенбиз. Андан кийин соту болду. Соту Ош шаардык сотунда да 1,5 жылга созулду. Облустук соттун отурумдары пандемиядан улам эми башталса, 5-6 күндөн бери Калыковдун жактоочусу келбей коюп жатат. Шаардык сотко да келбей коюп, создуктурган. Эми бул сотко да келбей жатат», - деди Мамажакыпов.
Ал эми маркумдун эжеси Гүлбар Калбаева Мелис Калыковдун жактоочу убакытты созуп жүргөнүн айтты.
Жактоочу Сартбай Жайчибеков менен байланышууга мүмкүн болгон жок.
Комментарийлер