• Башкы бет
  • Ошто кыз ала качууга аракет жасаган жигиттерге айыбы угузулду
13:24, 2021-ж., 17-ноябрь

Ошто кыз ала качууга аракет жасаган жигиттерге айыбы угузулду

Ошто кыз ала качууга аракет жасаган жигиттерге айыбы угузулду

Ош шаарынан Жалал-Абад облусунун Аксы районуна кыз ала качууга аракет жасаган шектүүлөргө айыбы угузулду. Бул тууралуу ШИИБдин басма сөз кызматы билдирди.

Түзүмдүн маалыматы боюнча, 11-ноябрь күнү Ош шаарынын көчөлөрүнүн биринен 2000-жылы туулган кызды 1997-жылы туулган жигиттер ала качып бара жаткан жеринен Кара-Суу районунун Жаңы-Арык айылына жеткенде жол тескөөчүлөрү тарабынан кармалган.

«Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине Жазык кодексинин 175-беренеси (адамды никеге туруу максатында уурдоо) менен катталган. Кызды ошол күнү эки курбусу менен окуу жайдан чыгып кетип бара жатканда алып качып кетишкен. Ала качкан жигиттер Аксы районунун тургундары, аларга айыбы угузулду», - деп айтылат маалыматта.

Маалыматка караганда, алар буга чейин кыз-жигит болуп сүйлөшүп жүрүшкөн. Жигит үйлөнүү сунушун киргизгенде кыз турмушка чыга элек эжеси бар экенин, андан кийин турмушка чыга ала турганын айткан. Бирок жигит ага карабай ала качууга аракет жасаган.

Буга чейин 11-ноябрь күнү саат 14:00 чамасында Ош шаарынын көчөлөрүнүн биринде 2000-жылы туулган А.У.ну белгисиз жигиттер кара түстөгү унаага салып кетишкени маалымдалган. Шектүүлөр кызды «Хонда-Сивик» унаасына салып, Аксы районуна бара жатышкан. Унаанын ичинде 1997-жылы туулган 5 жигит болгон. Алар көп узабай колго түшкөн.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...