13:23, 2021-ж., 17-ноябрь

Ошто эне-бала көз жумду

Ошто эне-бала көз жумду

Ош шаардык төрөт үйүндө эне-бала көз жумду. Окуя 3-ноябрда болгонун «Турмуш»  басылмасына өздүк булактар билдирди.

Маалыматка караганда, Кызыл-Кыя шаарынын 1998-жылы туулган тургуну С.А. баласы менен кошо каза болгон.

Бул маалыматты Ош шаардык төрөт үйүнүн башчысы Дамира Ташмаматова тастыктады. Анын айтымында, келин оор абалда келген.

«Келин Кызыл-Кыя шаарында каттоого турган. Бирок убагында дарыгерлерге көрүнгөн эмес. Коронавирус жуктуруп алып, абалы оорлошкондо, дем алуусу кыйындап калганда, эч кандай медицина кызматкерлеринин коштоосу жок эле Ош шаарына келе берген. Биздин төрөт үйгө 24-октябрь күнү келип түшкөн. Келиндин экинчи төрөтү. Бала келиндин ичинде өлүк абалда келген. Анын баласын дарыгерлер дары-дармектин жардамы менен төрөтүп алышкан. Келиндин абалы оор болгондуктан төрөгөндөн кийин 4-күнү операция жасап, жатынын алып салышкан. Коронавирустан улам инсульт алып, 3-ноябрь күнү каза болду. Келиндин жолдошунун айтымында, ал буга чейин да өз өмүрүнө кол салууга аракет кылган. Кошуналары да жолдошуна аялы боюнда бар экенине карабай, балага зыян дарыларды ичкенин айтышкан экен. Ал боюнча жолдошу бизге тил кат жазып берди.

Кыздын ата-энеси, бир туугандары болгон эмес. Колунда кан-тамырларын кескен тактар турат. Ал качан кесилген, эмнеден улам экени белгисиз. Тактайлы десек жолдошунан башка бир да жакыны жок. Эне-баланын өлүмү боюнча төрөт үйүнүн ичинде, облустук штабда, республикалык штабда териштирүү болот», - деди Ташмаматова.

Ош ШИИБдин басма сөз кызматы билдиргендей, аталган окуя каза болуу деп катталган. Учурда Сулайман-Тоо милиция бөлүмүнүн тергөө кызматынын кызматкерлери тарабынан ар тараптуу текшерүү иштери жүрүп жатат. Келиндин буга чейинки өз өмүрүнө кол салганы боюнча да өзүнчө териштирүү болот. Азыр тергөөнүн кызыкчылыгы үчүн маалымат толук ачык айтылбайт.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...