• Башкы бет
  • Авазбек Досов Ош облусу боюнча ЖККК башчысы болуп дайындалды
13:20, 2021-ж., 17-ноябрь

Авазбек Досов Ош облусу боюнча ЖККК башчысы болуп дайындалды

Авазбек Досов Ош облусу боюнча ЖККК башчысы болуп дайындалды

Досов Авазбек Макамбаевич Ош облустук ички иштер башкармалыгынын жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп дайындалды. Ал жамаатка тааныштырылып жатканын аталган бөлүмдөн тастыкташты.

Авазбек Досов буга чейин Жалал-Абад облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп эмгектенип келген. Ал ротация аркылуу Ош облусуна которулду.

Ал эми буга чейин Ош облусу боюнча жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн башчысы болуп иштеген Айжигит Зикиров Жалал-Абад облусуна которулду.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...