16:19, 2021-ж., 16-ноябрь
Бишкек-Ош жолуна унаа кырсыгынан улам 7 адам каза болду

Бишкек—Ош унаа жолунун 661-чакырымында, тактап айтканда Кара-Суу районунда 3 унаанын катышуусунда жол-транспорт кырсыгы катталып, 7 адам каза болду. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда ӨКМдин басма сөз кызматы билдирди.
Маалыматка караганда, «КамАЗ», «Мерседес-Бенц Спринтер» жана «ДЭУ Нексия» унаалары кагышкан.
Алдын ала маалымат боюнча, кырсыктын кесепетинен 7 жаран (3 эркек, 4 аял) каза болду. Ошондой эле 6 адам Ош облустук ооруканасынын жандандыруу бөлүмүнө, 3 жаш бала балдар ооруканасына жаткырылган. Учурда алардын аты-жөндөрү такталууда. Жерине 3 куткаруучу тартылды.
Учурда окуя болгон жерде өзгөчө кырдаалдар министринин орун басары А.Мазарипов, ӨКМдин Ош облустук башкармалыгынын башчысы Н.Шаматов абалды көзөмөлгө алууда.
Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз
Акыркы жаңылыктар
14:44
Кечээ
14:32
Кечээ
13:23
-ж., 24-март
13:20
-ж., 24-март
13:18
-ж., 24-март
ТОП новости
Атайын тема
live comments feed...
Комментарийлер