• Башкы бет
  • Таласта каржы пирамидасына байланышкан иш боюнча 18 адам жоопко тартылды
16:14, 2021-ж., 16-ноябрь

Таласта каржы пирамидасына байланышкан иш боюнча 18 адам жоопко тартылды

Таласта каржы пирамидасына байланышкан иш боюнча 18 адам жоопко тартылды

Таласта каржы пирамидасына байланышкан иш боюнча 18 адам жоопкерчиликке тартылды. Бул тууралуу бүгүн, 16-ноябрда ӨКМден кабарлашты.

Маалыматка караганда, 2021-жылдын 4-июнь күнү Талас ШИИБге Талас шаарынын автобекетине эл чогулуп жаткандыгы боюнча маалымат келип түшкөн. Ал тергөө ыкчам тобу барган учурда автобекеттин ичиндеги имаратта коомдук өнүктүрүү багытындагы фонд ишмердүүлүгүн жүргүзүп жаткандыгы аныкталган. Анын өкүлү Талас району Таш-Арык айылынын 1984-жылы туулган тургуну К.Т. экендиги аныкталган. Ал өзүнүн наамына Талас облусу боюнча Юстиция башкармалыгы тарабынан «Ашар касса» жоопкерчилиги чектелген коомун ачып, кийинчирээк «Эл биримдиги» аттуу жоопкерчилиги чектелген коомуна (өнүктүрүү фонду) өзгөртүлгөн. К.Т. милицияга алынып келинип, суракка алынган. Бул факты Жазык кодексинин 214-беренесинин 1-бөлүмү (каржы пирамидаларын уюштуруу) менен катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталган. Ошол убакта автобекетте чогулган эл Талас шаардык милициясынын ишине каршы чыгып, тергөө амалдарына тоскоолдук жаратышкан. Чогулган эл абалды курчутуп, «Эл биримдиги» уюмунун иштешине бийлик жана милиция кызматы кийлигишпесин деген талап коюшкан. Ал жерде милиция кызматкерлери тарабынан жарандарга түшүндүрүү иштери жүргүзүлүп, алданып калбоо боюнча эскертүүлөр айтылган. Андан көп узабай ошол эле каршы чыккан адамдардын көбү кайра өздөрү милицияга кайрылып, аталган уюмга салган акчаларын кайтарып, мыйзам чегинде чара көрүп берүүнү өтүнүшкөн.

К.Т. тарабынан уюштурулган каржы пирамидасына акча салышып, бирок кайтарып ала албай калган адамдардын ар биринин арызы боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлгөн. 1-июль күнү милиция кызматкерлеринин ыкчам иш алып барууларынын негизинде К.Т. Бишкек шаарынан кармалып, соттун чечими менен убактылуу кармоочу жайга камакка алынган. Ага катар эле сотко чейинки өндүрүш ишинин алкагында 1994-жылы туулган А.К. жана К.Т.нын жакын тууганы Т.К. да шектүү катары кармалып, камакка алынышкан.

Каржы пирамидасынын уюштуруучусу К.Т өзүнүн тааныштары аркылуу Бишкек шаарынан Ысык-Көл облусунун 1977-жылы туулган тургуну К.У.га каржы пирамидасынын ишмердүүлүгүнө жаралган тоскоолдуктарды чечүү боюнча кайрылган. У.К. бийликте тааныштары бар экендигин жана жаралган маселени чечип берүү колунан келерин айтып ишендирип, андан 6 млн сом акча алган.

Бул окуя боюнча К.Т. кайра Талас ШИИБге арыз менен кайрылган. Анын арызы бул Жазык кодексинин 204-беренеси (алдамчылык) мене катталып, сотко чейинки өндүрүш иши башталып, ысык-көлдүк У.К. да камака алынган.

Каржы пирамидасына акча салып кайра акчаларын кайтара албай арыз менен кайрылгандардын жалпы саны 550 адамга жетип, ар бири боюнча сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүп, жалпы 515 иш соттук кароого жөнөтүлгөн. Сотко жөнөтүлгөн иштер боюнча келтирилген чыгым 38 млн 69 миң сомду түзгөн. Талас ШИИБдин тергөө бөлүмү тарабынан ар бир арыз дыкааттык менен текшерүүгө алынып, кылмышка шектүүлөргө мыйзам чегинде чаралар көрүлүп, кылмыш иши Талас шаардык сотуна жөнөтүлгөн.

Андан тышкары кылмыш иши боюнча жалпы 18 киши жоопко тартылган.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...