• Башкы бет
  • Ноокатта унаа урдоого шектелип 3 жаран кармалды
16:13, 2021-ж., 16-ноябрь

Ноокатта унаа урдоого шектелип 3 жаран кармалды

Ноокатта унаа урдоого шектелип 3 жаран кармалды

Ош облусунун Ноокат районунда унаа уурдоого шектелип 3 жигит кармалды. Бул тууралуу ОИИБдин жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн басма сөз катчысы Алтынбек Тенгизбаев билдирди.

Маалыматка караганда, 12-ноябрда саат 21:00 чамасында Ноокат районунун Кара-Таш айыл өкмөтүнүн Нойгут айылында 1972-жылы туулган Ж.А.га таандык «Тойота Эстима» үлгүсүндөгү унааны жолдо токтоп турган жеринен белгисиз адамдар айдап кеткени тууралуу билдирүү түшкөн. Бул окуя боюнча Ноокат районунун аймагында «Колго түшүрүү» иш мерчеми киргизилип, райондун кире бериш жана чыга бериштеги унаа жолдорго посттор коюлуп, бардык кызматкерлерге жогорудагы унаа боюнча тийиштүү багыттамалар берилген.

«Ыкчам иш аракеттердин негизинде ошол эле күнү саат 23:00 чамасында Ош облустук жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо бөлүмүнүн жана ИИМдин "Шумкар" атайын багыттагы полкунун кызматкерлери тарабынан "Тойота Эстима" үлгүсүндөгү унааны айдап бара жаткан жеринен Ноокат районунун 2001-жылы туулган 3 тургуну кармалып, РИИБдин тергөө кызматына өткөрүлүп берилди. Бул окуя Кылмыштардын жана жоруктардын бирдиктүү реестрине катталып, учурда сотко чейинки өндүрүш иштери жүргүзүлүүдө», - деп айтылат маалыматта.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...