• Башкы бет
  • Ноокат жана Алайдын милиция башчылары алмашты
16:11, 2021-ж., 16-ноябрь

Ноокат жана Алайдын милиция башчылары алмашты

Ноокат жана Алайдын милиция башчылары алмашты

Бүгүн, 16-ноябрда Ош облустук ички иштер башкармалыгынын өздүк курамына Ноокат жана Алай райондук ички иштер бөлүмүнүн жаңы башчылары тааныштырылды. Бул тууралуу ОИИБдин басма сөз катчысы билдирди.

Ички иштер министринин буйругунун негизинде милициянын полковниги Алмазбек Мурзалиев Ош облусунун Алай райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы кызматынан бошотулуп, Ноокат райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы кызматына дайындалды.

Ал эми милициянын полковниги Бакытбек Пазылов Ноокат райондук ички иштер башкармалыгынын башчысы кызматынан бошотулуп, Алай райондук ички иштер башкармалыгынын жетекчиси болду.

Эгерде сиз катаны байкасаңыз, керектүү текстти бөлүп белгилеңиз жана бул тууралуу редакцияга билдирүү үчүн Ctrl+Enter басыңыз

Комментарийлер

live comments feed...